6-октябрдан 10-октябрга чейин Боом капчыгайынын аймагында (Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 128-чакырымы) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» УК мамлекеттик ишканасы билдирет.
Маалыматка ылайык, кооптуу таштарды түшүрүү иштери аба ырайынын шарттарын эске алуу менен темир жолдун 3 898-чакырымында жүргүзүлөт.
Чектөөлөр жана мөөнөттөр:
- Иштер саат 09:00дөн 15:00гө чейин, күндүзгү убакытта жүргүзүлөт.
- Иш учурунда жол жарым-жартылай жабылат.
- Унаалар топтолгон таштар тазаланган учурда бир тилке менен өткөрүлөт.
- ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери аталган аймакта көзөмөл жүргүзүшөт.
Ишкана айдоочуларды жол кыймылындагы чектөөлөрдү эске алып, сапарларды алдын ала пландап алууну суранат.