21:41
USD 87.45
EUR 102.76
RUB 1.07

Аба ырайына байланыштуу Бишкек-Ош жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө кирди

1-октябрь күнү саат 16:20дан тартып аба ырайынын начарлашына байланыштуу Бишкек—Ош унаа жолунун бир нече тилкесинде оор жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусундагы Сосновка айылынан Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашуулары аркылуу, ошондой эле Жалал-Абад облусундагы «Чычкан» постунан Ош—Бишкек багыты боюнча, Өтмөк ашуусу аркылуу Талас—Бишкек багытында бардык оор жүк ташуучу транспорт каражаттары үчүн кыймыл убактылуу токтотулду.

Эң көп окулган жаңылыктар