КМШ мамлекеттеринин III оюндарында кыргызстандык самбочулар төрт медаль утуп алышты. Бул тууралуу уюштуруу комитетинин сайтында маалымдалды.
Азербайжандын Гөйгөл шаарындагы олимпиадалык спорт комплексинде III КМШ оюндарынын алкагында самбо боюнча мелдештер жыйынтыкталды.
Аталган мелдеште Кыргызстандын төрт спортчусу байгелүү орундарды ээледи:
- Ильяс Абжалиев (71 кг) — күмүш медаль;
- Марал Байбосунов (79 кг) — күмүш медаль;
- Элдар Аскарбеков (53 кг) — коло медаль;
- Илья Сухинин (98+ кг) — коло медаль.
28-сентябрда Азербайжанда башталган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) III оюндары 8-октябрда жыйынтыкталат.
Жалпысынан III КМШ оюндарында 13 өлкөдөн келген 1624 спортчу күч сынашууда.