Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги Суу чарба кызматы менен Балык чарба департаментине жүргүнчүлөрдү ташуучу унааларды сатып алууга тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматы боюнча, 44 унаа сатып алууга 94 341 300 сом пландалган.
Техникалык шарттарга ылайык, унаалар жаңы болушу керек. Жүрүү жолу 30 километрден ашпашы зарыл жана 24 ай же 100 000 километрден кем эмес кепилдик берилет.
Жеткирүүчүлөрдүн сунуштары 13-октябрга чейин кабыл алынат.