12:47
USD 87.41
EUR 102.75
RUB 1.05

Кыргызстанда 14 миңден ашык чет элдик номурлуу унаалар катталган

Сентябрдын соңуна карата Кыргызстанда 14 миң 602 чет элдик номурлуу унаа катталган. Бул тууралуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Каттоо географиясы:

  • Бишкек шаары — 2684 унаа;
  • Ош — 907;
  • Баткен облусу — 892;
  • Жалал-Абад облусу — 2381;
  • Нарын облусу — 275;
  • Ош облусу — 2546;
  • Талас облусу — 474;
  • Чүй облусу — 3945;
  • Ысык-Көл облусу — 498.

«Чет өлкөлүк номурлуу унаалардын саны боюнча Чүй облусу алдыңкы орунда, ал эми Нарын облусу эң аз болуп саналат. Көпчүлүк унаалардын кыймылдаткычынын көлөмү 2000 куб сантиметрге чейин болуп, жалпы көлөмдүн болжол менен 71 пайызын түзөт», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 30-сентябрда чет элдик номурлуу унааларды мыйзамдаштыруу кампаниясы жыйынтыкталган.

Эң көп окулган жаңылыктар