17:04
USD 87.40
EUR 102.47
RUB 1.05

УКМК пара талап кылып жаткан адвокатты кармады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) адвокат А.С.Аны кармаганын аталган мекеменин басма сөз борбору билдирди.

Адвокат Бишкектин Ленин райондук сотунда каралып жаткан кылмыш ишинин оңдуу чечими үчүн 7 миң доллар талап кылганы айтылган.

УКМКнын маалыматына караганда, адвокат «А.С.А.», Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда каралып жаткан кылмыш ишинин оң чечилиши үчүн арыз ээсинен 7000 АКШ долларын опузалап талап кылган.

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун санкциясынын негизинде «А.С.А.» КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Эң көп окулган жаңылыктар