Ички иштер министрлигине кылмыштуу топтун мүчөсү, мурда Дөө Чынгыз аттуу жаран такталбаган ок атуучу курал алып жүргөнү боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Бишкек шаарынын аймагында жаран 1989-жылы туулган Т.Б. кармалган.
Кароо учурунда шектүүдөн номуру өчүрүлгөн «Макаров» үлгүсүндөгү тапанча жети огу менен табылып алынган.
Учурда кармалган жаранга карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тандалды.
Тергөө иштери жүрүп жатат.