Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды Чоң-Алай районундагы майыптыгы бар 3 балалуу жалгыз бой энеге жардам көрсөтүү үчүн тез арада чараларды көрүүгө чакырды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Анда белгиленгендей, Чоң-Алай районунун Ачык-Сай айылынын Ж.М. аттуу тургунунун туугандары акыйкатчыга жардам сурап кайрылган. Арызда анын 3 баласы психикалык жактан жабыркай турганы (баары экинчи топтогу майып), турак жайдын жоктугунан малкананын мурдагы кампасында жашары айтылган. Бул үй-бүлөнүн эскирген үйүн айыл өкмөтү жаңысын салып берүүнү убадалап, 2023-жылы үйдү түрттүргөн. Бирок курулуш иштери дубалдар тургузулган бойдон токтоп калган.
Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 2025-жылдын 23-январында Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына үйдүн курулушун тездетүүнү сунуштап кат жолдогон. Жоопто акимчилик жазында үйдү бүтүрүп берүүнү убадалаган. Бирок, институттун кызматкерлери сентябрь айында Чоң-Алай районуна болгон иш сапары учурунда аталган үй-бүлөдөн кабар алганда курулуш иштери жанданбай турганын көрүшкөн.
Коңшуларынын айтымында, Ж.М. 2014-жылы жолдошу менен ажырашып кеткен. Балдарынын эң улуусу 9-класска чейин окуп, андан кийин оорусу күчөп, барбай калган. Андан кийинки экөө мектепке такыр барышкан эмес. Алар коомго аралашпай, адамдар менен сүйлөшпөйт.
Жакындары бул үй-бүлөгө тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлбөй, атайын дарылануудан өтпөгөндүктөн алардын психикалык абалы барган сайын начарлап жатканын айтышууда. Жергиликтүү бийлик тарабынан медициналык жана социалдык жардамды уюштуруу иштери жүргүзүлгөн эмес. Чоң-Алай райондук эмгек, социалдык камсыздоо башкармалыгы жана Балдар иштери боюнча комиссия 2015-2019-жылдары атайын отурумунда аталган үй-бүлө менен иштөө планын карашкан. Бирок, аталган план кагаз жүзүндө калган.
Акыйкатчы институту президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги жана Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына жардамга муктаж үй-бүлөгө бардык социалдык кызматтарды көрсөтүү, суук түшкөнчө чейин үйдү толук бүтүрүү, үй-бүлө мүчөлөрүн медициналык кароодон өткөрүп, реабилитациялоо кызматтарын жеринде камсыз кылуу, ошондой эле үй-бүлөнүн социалдык маселелери боюнча тиешелүү иш алып барбаган кызматкерлерге карата кызматтык териштирүүнүн негизинде дисциплинардык чараларды көрүү керектигин сунуштады.