05:11
USD 87.40
EUR 102.47
RUB 1.05

Шайлоо −2025: Административдик ресурс мурдагы деңгээлде колдонулбайт

Алдыдагы шайлоодо административдик ресурс бирдей өлчөмдө колдонулбайт. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматов Биринчи радиого билдирди.

Анын айтымында, кайсы бир саясий партия же жеке талапкер көзөмөлдөнүп добуш берүүнү кааласа, алар жол табат.

«Биз дайыма паракорчулукка, көзөмөлгө алынган добуш берүү болбосун деп эскетип, чакырып келебиз. Бирок жоопкерчилик талапкерлердин өздөрүнө жүктөлөт. Эгер кимдир-бирөө добуштарды сатып алып, элибизди, шайлоочуларыбызды бузуп, депутаттыкка ат салышса, эртең алардан кандай эл өкүлү болорун ойлонушубуз керек. Ошондуктан биз бардык терс жагдайларды айтып, административдик ресурсту пайдалануу боюнча талкууларды өткөрөбүз. Мен буга чейин административдик ресурс колдонулбай турганына 100 пайыз ишенем. Өлкө жетекчилиги муну катуу кысып жатат», — деди Кайрат Маматов.

Ал кошумчалагандай, технологиялык көз караштан алганда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону каалаган деңгээлде өткөрүүгө даяр.

Эскерте кетсек, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттары өздөрүн таркатуу боюнча добуш беришкен. Учурдагы мыйзамдарга ылайык, президент парламенттик шайлоонун датасын 30-сентябрга чейин белгилеши керек.

Эң көп окулган жаңылыктар
29-сентябрь, дүйшөмбү