20:37
USD 87.45
EUR 102.15
RUB 1.04

Алдамчылар Кыргызстандын президентинин сүрөтүн насыя боюнча жарнакта колдонууда

Социалдык тармактарда кээ бир шылуундар аз үстөк менен насыяларды сунуштаган жарнама таралууда. Бул дагы бир алдамчылык экенин президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, социалдык тармактарда айрым алдамчылардын жаңы схемасы таралууда.

Аскат Алагөзов
Фото Аскат Алагөзов. Жарнама
"Алар президент Садыр Жапаровдун сүрөтүн колдонуп, азыноолак кошумча менен карыз берүүнү сунуштап, бул ишти мамлекеттик долбоор катары көрсөтүп жаткан учурлар катталды.

Андыктан айрыкча акча каражаттарына байланышкан маалыматтарды расмий органдардан тактап алууга чакырабыз.

"Бул кезектеги көз боемочулардын схемасы.Алдамчылардын торуна илинип калбаңыздар!",-деген ал.

Эң көп окулган жаңылыктар