Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун расмий тумарларын жарыялады.
ФИФАнын расмий сайтында Канаданы «Мэйпл» аттуу багыш, Мексиканы Заюу аттуу ягуар жана АКШны «Клатч» аттуу бүркүт тумарлары көрсөтүлдү.
ФИФАнын президенти Джанни Инфантино тумарлар боюнча пикирин билдирип: «Мэйпл, Заюу жана Клатч дүйнө чемпионатынын өзү сыяктуу кубанычка, энергияга жана биримдиктин рухуна толгон», -деди
2026-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионаты 11-июндан 19-июлга чейин АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Финал 19-июлга белгиленген.
Турнирге биринчи жолу 48 команда катышат. Катышуучу 45 өлкө 2025-жылдын 21-мартынан 2026-жылдын 31-мартына чейин квалификациялык турнирлер аркылуу аныкталат, калган үч команда кабыл алуучу өлкөлөр болуп саналат.