14:34
USD 87.41
EUR 102.75
RUB 1.05

Кыргызстанда жыл аягына чейин дагы 9 соода-логистикалык борбор курулат

Учурда өлкө боюнча 34 соода-логистикалык борбор иштеп жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, дагы тогуз борбордун курулушу 2025-жылга пландалууда. Алардын бешөө ишке берилген, калган төртөө жылдын аягына чейин бүткөрүлөт.

Соода-логистикалык борборлор экспорттук жана импорттук агымдарды натыйжалуу башкаруу, ошондой эле айыл чарба продукцияларын сактоо жана бөлүштүрүү үчүн түзүлүп жатканын министрлик белгилеп кетти.

Айыл чарба министрлиги
Фото Айыл чарба министрлиги. Соода-логистикалык борбор курулат

Борборду түзүү негизинен бир нече негизги этаптардан тураары белгиленген. Биринчиден, долбоордун максаттары аныкталып, анын жайгашкан жери тандалып, бизнес модели иштелип чыгат. Андан соң жердин жана инфраструктуранын планы даярдалып, керектүү курулуш уруксаттары алынат.

Кыргызстанда экспорттук жана импорттук агымдарды натыйжалуу башкаруу, айыл чарба продукцияларын сактоо жана бөлүштүрүү максатында жаңы соода-логистикалык борборлорду түзүү иштери улантылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар