12:13
USD 87.45
EUR 102.79
RUB 1.07

Нарында эми Кара-Кужур жайлоосу талашка түштү

Нарын районунун тургундары эми Кочкорлук чабандардын Кара-Кужур аймагына киришине каршы чыгышты. Кечээ күнү жайлоодо эки тараптын эли чогулду.

Кара-Кужур аймагынын тургундары Кочкор районунун чабандары Кара-Кужур кыштоосуна мыйзамсыз көчүп келишкенин айтышты. Жайлоодо тирешкен элди тынчытуу үчүн күч түзүмдөрү тартылды.

Эскерте кетсек, эки райондун эли Кум-Бел жайлоосун дагы талашууда. Ал жайлоого көчүп барган Кочкор районунун тургундарын Нарын районунун Жерге-Тал айылынын өкүлдөрү жол тосуп киргинбей коюшкан.

Жайыт маселеси бүгүн Жогорку Кеңештин комитетинде каралат.

Эң көп окулган жаңылыктар