20:26
USD 87.45
EUR 99.02
RUB 1.08

Азиз Суракматов мэриянын аппаратынын жетекчилигине Балбак Түлөбаевди сунуштады

Бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкектин жаңы мэри Азиз Суракматовду жамаатка тааныштырды.

Шаардын жаңы шайланган башчысы кадр маселелерин узакка создуктурган жок. Ал мэриянын аппаратынын жетекчилигине «Аю холдингдин» вице-президенти Балбак Түлөбаевди сунуштады.

Балбак Түлөбаев 21-сентябрда 46 жашка чыгат. Ал Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Көл-Төр айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.

Эң көп окулган жаңылыктар