Бишкекте Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Президенттин кубогу үчүн эл аралык сууда сүзүү боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Маалым болгондой, мелдеште спортчулар 50, 100, 200 метр аралыкта сүзүшөт. Иш-чараны өткөрүү максаты — Кыргызстандын курама командасына эң мыкты суучулдарды тандоо.
Аталган мелдеш 28-29-августта «Дельфин» бассейнинде өтөт.