11:46
USD 87.45
EUR 99.18
RUB 1.10

Сапар Исаковду камакта калтыруу мөөнөтү эки айга узартылды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-премьер-министр Сапар Исаковду камакта калтыруу мөөнөтүн эки айга узартты.Чечим аталган ишти караган сот Айбек Эрнис уулу тарабынан кабыл алынды.

Сапар Исаковдун жактоочусу Замир Жоошовдун айтымында, соттун чечимине ылайык, Сапар Исаков 5-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагында болот.

Эскерте кетсек, Сапар Исаковго Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жемкорлук айыбы тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар