Чүй облусунун прокурору Руслан Нурбековго пара алгандыгы үчүн 3 миллион 300 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.
Маалым болгондой, Биринчи Май райондук сотунун судьясы ушундай чечим чыгарды. Ал эми окуяга тийиштиги бар делип, облустук прокуратуранын бөлүм прокурору Таир Жумабековго 4 миллион 100 миң, тергөөчү Айбек Рыспаевге 4 миллион 50 миң сом айып пул салынды.
Эске салсак, Чүй облусунун прокурору 2016-жылы кылмыш ишине катышкан.