15:50
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Кара-Кулжада каналдан суу ашып, 12 турак үйдүн короо-жайын каптады

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда каналдан суу ашып, 12 турак үйдүн короо-жайын каптады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

14-май күнү Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кашка-Жол айыл аймагында катуу жааган жаандын кесепетинен Октябрь айылындагы Ак-Турпак каналынан суу ашып 12 турак үйдүн короо-жайын каптап, 1 турак үйдүн полуна чейин кирген.

Эң көп окулган жаңылыктар