Маалыматка ылайык, кырсык 5-майда, болжол менен саат 16:45 чамасында катталган. «Лексус» унаасын башкарып келе жаткан Кара-Көл шаарынын 1982-жылкы К.Болотбек аттуу тургуну 2005-жылы туулган М.Татьяна аттуу кыздыр койдуруп кеткен.
Кырсык катталган соң айдоочу жабырлануучуну дароо ооруканага жеткирген. Ал ар кандай деңгээлде жарат алган, бирок абалы канааттандырарлык. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.