Көпчүлүк маалымдоо каражаттары Чүй облусунун Кызыл-Аскер айылындагы мектеп окуучулары кан тамырларын кескени тууралуу маалымат таратты.
Бирок мектеп директору Назира Осмонакунова «24-kg.com» агенттигине билдиргенине караганда, маалымат чындыкка коошпойт.
«Биздин мектеп чакан, 76 гана бала окуйт. Бардыгы бири-бирин тааныйт. Мындай маалыматты ким таратты билбейм. Милиция кызматкерлери келди, бирок андай факт катталган жок. Ооруканага дагы жардам сурап эч ким кайрылган жок», — деди ал.
Ал эми Чүй облустук ички иштер башкармалыгы маалыматты тастыктады. Бирок канча бала жабыр тартканы тууралуу так маалымат беришкен жок. Балдар «Синий кит» оюнун ойногонбу же жокпу? — деген суроого дагы жооп алуу мүмкүн болбоду.Эскерте кетсек, 2017-жылдын февралында Кыргызстанда социалдык тармактар аркылуу #морекитов, #тихий дом, #f58 и #d28, #хочувигру, #разбуди_меня_в_4.20 деген хэштегдер менен оюндар жайылып кеткен. Ага чейин оюндар Орусияда дагы тарап, балдарды өз жанын өзү кыюуга алып келген.