Жогорку Кеңештин «Республика-Ата-Журт» фракциясынын депутаты Өмүрбек Бабанов ден-соолугу жана фракция лидерлигинен кеткендигин себебин түшүндүрүп билдирүү жасады.
Ал саламаттыгы начарлагандыгы жана инсулть алгандыгы тууралуу маалыматтарды четке кагып, «бул ушак» дейт.
«Мен чет өлкөдө дарыланып жатам. Бирок ден-соолугум жакшы. Сиздер менен бирге Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн күрөштү улантам. Парламенттеги «Республика-Ата-Журт» фракциясы штаттык режимде иштеп жатат. Фракциянын ишинин жигердүүлүгү үчүн лидерликтен кетип жатам» — дейт ал.
«24-kg.com» агенттигинин маалыматында, Өмүрбек Бабанов учурда Чехиядагы Карлова Вары курортунда дарыланууда.
Башкы прокуратура Өмүрбек Бабановго каршы конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга чакырык таштоо жана улут аралык кастыкты козутуу кылмыш ишин козгогон.