21:46
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Талапкерди шайлоого үгүттөгөн вице-премьер-министрге эскертүү берилди

Сооронбай Жээнбековду шайлоого үгүттөгөн вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге эскертүү берилип, ал шайлоо штабын жетектөөдөн четтетилди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчысы Сапар Исаков шайлоо штабын жетектөөнү дагы бир вице-премьер-министр Темир Жумакадыровго жүктөдү.

Өкмөт мүчөлөрүнө шайлоочулардын тизмесин так даярдоого, жарандардын шайлоо укугун камсыз кылууга жана ага алгылыктуу шарт түзүүгө көңүл бөлүү сунушталды.

Эң көп окулган жаңылыктар