20:02
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Жогорку Кеңештин депутаттары 21-августта кезексиз жыйын өткөрөт

Жогорку Кеңештин депутаттары 21-августта кезексиз жыйын өткөрөт. Бул тууралуу «24-kg.com» агентигине КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди.

Анын айтымында, парламент жаңы премьер-министрди дайындап, өкмөттүн курамын бекитет.

Эскерте кетсек, президент Алмазбек Атамбаев 24-июлда Чолпон-Атада өткөн маалымат жыйында сентябрга чейин жаңы өкмөттүн курамы бекитилерин айткан.

Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоого катышып жаткандыгына байланыштуу БШКга талапкер кылып каттагандан кийин кызматын тапшырат.

Эң көп окулган жаңылыктар