02:23
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Чоң-Алайда дагы жер силкинди

Ош облусунун Чоң-Алай районунда бүгүн түнү 2.13дө жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Алардын малыматында, зилзаланын очогу Тажикстанда катталып, күчү 3,5 баллга жеткен.

Чоң-Алайдын Алай айылында 3 балл, Кара-тейит жана Карамык айылдарында 2,5 балл болду. Жапа чеккендер жок.

Эскерте кетсек, Чоң-Алай районунда май айында 6 баллдык жер титирөө болуп, анда 610 үй жана бир нече социалдык имараттар бузулган.

Эң көп окулган жаңылыктар