13:48
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Бишкекте эшик басып калган бала оорууканага жеткирилди

Бишкекте «Асанбай» кичирайонунун Сухэ-Баатыр көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн астанасындагы эшик жети жашар баланы басып калды. Бул тууралуу маалыматты шаардык ИИБынан ырасташты.

Алардын маалыматында, 2010-жылы төрөлгөн бала ар кандай сынык менен шаардык балдар оорууканасына жеткирилди.

«Эшикти ким койгондугу такталып жатат. Жумушчулар ишти аягына чейин бүтүргөн эмес окшойт», — деди шаардык милициядан.

Эң көп окулган жаңылыктар