21:32
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Жыл башынан бери сууга чөккөн 67 кишинин 18и балдар

Жыл башынан бери 67 адам сууга чөгүп кетти. Анын 44 -эркек, 5 -аял жана 18и балдар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин катаал кырдаалдарда башкаруу борборунун жетекчиси Азамат Мамбетов кабарлады.

Анын айтымында, Чүй облусдагы көлмөлөр, суу сактагычтар -өтө кооптуу болуп эсептелет. Бул аймакта алты ай ичинде 18 киши сууга түшүп каза тапкан. Жалал-Абадда 11, Ош облусунда 10 киши чөккөн.

«Чүй облусундагы суулардын 60 пайызы сууга түшүүгө эмес, суугарууга багытталган. Бишкекке жакын көлмөлөрдөн Комсомол жана ГЭС-5 суу сактагычына гана түшсө болот», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар