14:24
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Ананьеводогу жарылууда күйгөндөрдүн дагы бирөө көз жумду

Ысык-Көл облусунун Ананьево айылындагы газ толтуруучу жайдагы жарылууда күйгөндөрдүн дагы бирөө көз жумду. Бул тууралуу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий иликтөө борборунан билдиришти.

Маалыматта, 1960-жылы туулган А.Б. аттуу жарандын денесинин 70 пайызы күйгөн. Анын бүгүн түштө жүрөгү жана дем алуу органдары токтоп калды.

Азыр борбордо дагы эки жабырлануучу бар.

Эскерте кетсек, 19 - июнь күнү Ананьево айылында газ толтуруучу жайда жарылуу болуп, үч киши каза таап, сегизи оорууканага жеткирилген. Алардын бирөө 22-июндагы реанимация бөлүмүндө көз жумган.

Эң көп окулган жаңылыктар