Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов «Ата-Мекен» фракциясынын лидери болуп дайындалышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында «24-kg.com» маалымат агентигинин суроосуна жооп берип жатып, депутат Алманбет Шыкмаматов билдирди.
Анын айтымында, Сайдулла Нышанов фракциянын колдоосуна ээ болсо, лидерликке дайындалат.
«Бирок, бизде дагы эле Өмүрбек Текебаев фракция лидери болуп эсептелет», — деди Алмамбет Шыкмаматов.
Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев 26-февраль түнү абамайданда кармалып, андан бери, УКМКнын абагында камоодо.