Курманбек Бакиевдин облустук оорууканага берилген Жалал-Абаддагы эки резиденциясы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна кайтарылды. Бул тууралуу «24-kg.com» агентигине фонддон билдиришти.
Мекеменин айтымында, Облустук ооруукананын директору резиденциядан баш тарткан.
«Маркай» резиденциясы мурда бузулуп жаткандыгын, фонд азыр аны оңдоп, эшик-терезелерин алмаштыргандыгын маалымдашат. «Курманбек» үйүнө төрөткананы жайгаштыруу пландалган. Бирок, имаратты тейлөөгө көп акча керек. Азыр фонддун карамагына өттү. Кийинчерек башка органдарга өткөрүлүп берилерин айтышты.
Фонддун маалыматында, азыр инвентаризация жүргүзүлүп жатат.