19:55
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Мародерлук боюнча депутаттык комиссиянын жыйынтыгын аткаруу мөөнөтү узартылды

Башкы прокуратура мародерлук боюнча депутаттык комиссиянын бүтүмүн аткаруу мөөнөтүн 1-августка чейин узартты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тартип, кылмыштуулук жана жемкорлукка каршы күрөшүү комитетинин жыйынында айтылды.

Эскерте кетсек, парламентте атайын комиссия түзүлүп, 2010-жылы тонолгон мүлктөр, банктык уячалар жана мурдакы президент Курманбек Бакиевге байланыштуу мүлктөрдүн улутташтыруусун текшерип чыккан.

Анын жыйынтыгы УКМКга, ИИМге жана Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар