Католик чиркөөсүндө азан айткан киши муфтий болуп чыкты. Бул маалыматты «24-kg.com» агентигине Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан такташты.
Алардын айтымында, муфтий Максат ажы Токтомушев апрелдин башында АКШнын мамлекеттик департаментинин чакыруусу менен «Диний мекемелер ортосунда тажрыйба алмашуу жана диалог» — аттуу иш чарага катышып келген.«Иш чарада ар бир диндин өкүлү өзүнүн дининен кандайдыр бир жөрөлгө көрсөтүптүр. Муфтий мусулмандардын башкы парзы болгон намазга чакырык — азанды айткан» — деп билдиришти.