23:23
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

«Таза коом» долбоорунда иштеген IT-адистер жакшы маяна алышат

«Таза коом» долбоорунда иштеген IT-адистерге жакшы айлык акы коюлат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин башчысы Бакыт Шаршембиев билдирди.

Ал «24-kg.com» МАсынын долбоордун каржылоо булактары боюнча суроосуна «бул биздин маселе» деп жооп берди.

«Программисттер, кибер чөйрөсүндөгү адистер үчүн жогорку маянаны коебуз. Алар долбоордун коопсузудугун камсыз кылуу жаатында атайын окуудан өтүшөт» — деди ал.

Бакыт Шаршембиевдин билдирүүсүндө, долбоорду ишке ашыруу үчүн укуктук-ченем актылары дагы даяр болду. Эки мыйзам долбоору биринчи окуудан өтсө, экөөнө керектүү өзгөртүү киргизилди.

Эң көп окулган жаңылыктар