23:51
USD 87.45
EUR 103.20
RUB 1.14

ЖКдагы «Ала-Тоо» депутаттык тобун Таалайбек Масабиров жетектейт

Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров парламенттеги «Ала-Тоо» депутаттык тобунун жетекчиси болду. Бул тууралуу парламенттин жыйынында белгилүү болду.

Бул чечим топтун мурдагы лидери Жанарбек Акаевдин кечээ, 18-февралда Ош шаарынын мэри болуп дайындалышына байланыштуу, мандатын тапшыруусунан улам кабыл алынган.

Жогорку Кеңеш
Фото Жогорку Кеңеш. Таалайбек Масабиров

Депутат Таалайбек Масабиров 60 жашта жана Жогорку Кеңештин VI («Кыргызстан» партиясы) жана VII («Ата Журт» Кыргызстан партиясы) чакырылыштарынын депутаты болгон. Шайлоого чейин ал көп жылдар боюу Бажы кызматында иштеген.

Эң көп окулган жаңылыктар