16:17
USD 87.45
EUR 103.46
RUB 1.14

Акжол Махмудов Албанияда өтө турган рейтингдик турнирге катышат

Акжол Махмудов Албанияда өтө турган рейтингдик күрөш турнирине катышат. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) билдирди.

2026-жылдагы экинчи рейтингдик турнири 25-февралдан 1-мартка чейин Тирана шаарында өтөт.

Спортчу Кыргызстан курама командасына киргизилди жана 82 килограмм салмак категориясында күч сынашат.

Албаниядагы турнир Акжол Махмудовдун улуттук курама командадагы экинчи турнири болот. Ал Париждеги Олимпиада оюндарында коло медалды жеңип алган.

2025-жылдын ноябрында кыргызстандык Сауд Арабиясындагы Ислам оюндарында алтын медаль жеңип алган.

Эң көп окулган жаңылыктар