18:37
USD 87.45
EUR 103.46
RUB 1.14

Жайнак Үсөн уулу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын башчысы болуп дайындалды

Жайнак Үсөн уулу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Басма сөз кызматынын башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Төрага Марлен Маматалиев кол койду.

Жайнак Үсөн уулу жалпыга маалымдоо каражаттары тармагында мол тажрыйбага ээ. Ал 2015 — 2019-жылдары «НТС» телерадиокомпаниясынын башкы директору кызматын аркалап, ал эми 2019 — 2020-жылдары Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясын жетектеген.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы
Фото Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы. Жайнак Үсөн уулу
Муну менен катар Кыргыз Республикасынын «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» мыйзамынын демилгечилеринин жана авторлорунун бири. Мындан тышкары, Жайнак Үсөн уулу санариптик телеберүүгө өтүү жана аны ишке киргизүү багытында кесиптик ишмердүүлүк жүргүзүп, 2015 — 2019-жылдары «Санариптик технологиялар» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору болуп эмгектенген.

Минура Абдыкалыкова Жогорку Кеңештин Төрагасынын басма сөз катчысы болуп дайындалды

Минура Абдыкалыкова 2012-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетин «Журналистика» адистиги боюнча аяктаган.

2012-жылдан 2026-жылга чейин АКИpress маалымат агенттигинде бир катар кызматтарды аркалап келген.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы
Фото Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы. Минура Абдыкалыкова

Ошондой эле 2021-2023-жылдары Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин коомдук башталыштагы жардамчысы болуп эмгектенген.

Эң көп окулган жаңылыктар