13:26
USD 87.45
EUR 103.55
RUB 1.14

Качан төлөө керек? Салык кызматы алдын ала төлөмдөрдүн тартибин түшүндүрдү

Мамлекеттик салык кызматы сатуудан алынуучу салык жана бирдиктүү салык боюнча салыктык милдеттенменин күнүн аныктоонун жаңы тартибин түшүндүрдү. Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирди.

Маалыматка ылайык, сатуудан алынуучу салык жана бирдиктүү салык боюнча салыктык милдеттенменин пайда болуу датасы болуп:

  • эсеп-фактурада көрсөтүлгөн жеткирүү күнү,
  • контролдук-кассалык чек берилген күн,
  • төлөм алынган күн.

Алдын ала алынган төлөм товар жүктөлө элек же кызмат көрсөтүлө элек болсо да, ал иш жүзүндө алынган отчеттук мезгилде дароо салык салынуучу базага кошулат.

Сатуудан алынуучу салык боюнча салык салуунун объектиси болуп накталай же накталай эмес формада төлөнгөн товарларды, иштерди же кызматтарды сатуу эсептелгендиктен, алдын ала төлөмдөр да алар түшкөн учурда отчетко киргизилет.

Ошентип, бирдиктүү салык жана сатуудан алынуучу салык боюнча отчеттун түшкөн кирешенин көлөмү көрсөтүлүүчү саптарында отчеттук мезгил ичинде түшкөн бардык каражаттар, анын ичинде алдын ала төлөм да кошулуп көрсөтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар