18:54
USD 87.45
EUR 103.76
RUB 1.14

Шашылыш билдирүү! Ашууларда кар көчкү түшүүсү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөнүн унаа жолдорунда кар көчкү түшүү кооптуулугуна байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, 16-февралдан 18-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда жана ашууларында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Кооптуу тилкелердин тизмеси:

  • Бишкек — Ош унаа жолу: Төө-Ашуу ашуусу, Чычкан капчыгайы жана Ала-Бел ашуусу;
  • Суусамыр — Талас — Тараз: Өтмөк ашуусу;
  • Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу: 55-115 чакырымдары;
  • Ала-Бука — Каныш-Кыя: Чапчыма ашуусу;
  • Красная-Горка — Акташ: 0-3 чакырымдары;
  • Сары-Таш — Дароот-Коргон — Карамык: 97-98 чакырымдары;
  • Бишкек — Нарын — Торугарт: Долон ашуусу;
  • Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад: Көк-Арт ашуусу;
  • Каракол — Эңилчек: Чоң-Ашуу ашуусу;
  • Арал — Миң-Куш жана Арал — Суусамыр 8-21 км тилкелери.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Эң көп окулган жаңылыктар