17:41
USD 87.45
EUR 104.23
RUB 1.13

Гуанчжоу — Бишкек — Гуанчжоу аба каттамы ачылды

Гуанчжоу шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугунун жана China Southern Airlines авиакомпаниясынын өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Гуанчжоу — Бишкек — Гуанчжоу багыты боюнча түз туруктуу аба каттамын ишке киргизүү маселелери, ошондой эле Бишкек — Гуанчжоу — Санья (Кытайдын Хайнань провинциясы) багыты боюнча каттамды ачуу маселеси талкууланды.

Кытай тарап маалымдагандай, Гуанчжоу — Бишкек — Гуанчжоу багыты боюнча каттамды 2026-жылдын 29-мартында ишке киргизүү пландаштырылууда. Каттамдар жумасына эки жолу — шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарылары күтүлүүдө. Авиабилеттерди сатуу 11-февралдан тартып башталды.

Эң көп окулган жаңылыктар