Бүгүн, 11-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев эртең менен текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Ош муниципалитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү мекемелердин жана ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Курманжан Датка муниципалдык аймактык бирдигинин курамындагы Нурматова көчөсүнө барганы белгиленди.
Рейддин жүрүшүндө шаар мэри Нурматов көчөсүндө унаа кыймылынын тыгыны байма-бай катталып жатканын белгилеп, аталган көчөдөгү көпүрө аймагында жолду кошумча бир тилкеге кеңейтүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берди.


