19:42
USD 87.45
EUR 104.14
RUB 1.13

Кытай менен чек арадагы өткөрүү бикеттери убактылуу жабылат. Себеби

Кытайда Жаз майрамын белгилөөгө байланыштуу мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесинде жайгашкан өткөрүү пункттары убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен:

  • «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пункту — 15-февраль саат 20:00дөн 19-февралга чейин;
  • «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пункту — 17-февралдан 20-февралга чейин.

Адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү:

  • «Эркечтам» пункту аркылуу — 19-февраль саат 08:00дөн;
  • «Торугарт» пункту аркылуу — 20-февраль саат 08:00дөн баштап жанданат.

Чек ара кызматы жарандарды жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларын мамлекеттик чек арадан өтүүнү пландаштырууда бул маалыматты эске алууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар