Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, 11-февралдан 13-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, атап айтканда:
- Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусунда, 198-255 чакырымдарындагы Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусуда;
- Мырза — Аке-Кара — Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115 чакырымдарында;
- Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 45-112-чакырымдарындагы Чапчыма ашуусунда;
- Красная-Горка — Акташ унаа жолунун 0-3 чакырымдарында;
- Сары-Таш — Дароот-Коргон — Карамык унаа жолунун 97-98-чакырымдарында;
- Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 292-305 чакыфрымдарындагы Долон ашуусунда;
- Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарындагы Чон-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.


