12:43
USD 87.45
EUR 103.13
RUB 1.14

Быйыл сугат жайларын оңдоого бюджеттен 12,3 миллиард сом бөлүнгөн

2026-жылдын бюджетинде сугат жайларын оңдоого 12,3 миллиард сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, суу чарбасы, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымында, 776 чакырым каналды оңдоо жана тазалоо, ал эми 657 миң чакырым каналды бетон менен толтуруу пландаштырылууда. Ошондой эле, бир катар насостук станцияларды оңдоо жана 225 чакырым коллектордук жана дренаждык системаларды тазалоо пландаштырылууда.

Бакыт Төрөбаев 15 051 кудук катталганын, алардын 308и текшерилгенин белгиледи. Быйыл дагы 83ү ишке киргизилет. Кыргызстандагы жалпы сыйымдуулугу 884 миллион куб метр сууну түзгөн 498 суу сактагыч бар. Бул 2025-жылга карата максаттуу көрсөткүчтөн 35 пайызга аз экендигин кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар