21:34
USD 87.45
EUR 103.13
RUB 1.14

Жалал-Абад облусунда он гектар жер мамлекеттин менчигине кайтарылды

Жалал-Абадда 10 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн текшерүүдө мамлекеттик жер фондусуна таандык жалпы аянты 10 гектар болгон жер тилкеси мыйзамсыз менчиктештирилгендиги аныкталган.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Фото Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы. Он гектар жер мамлекеттин менчигине кайтарылды

1999-жылы Сузак райондук администрациясы мамлекеттик жерди фермердик чарбага жеке менчикке мыйзамсыз берип жиберген.

Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында мыйзам бузуулар толугу менен жоюлуп, базар баасы 17 млн 831 миң 942 сомду түзгөн, жалпы аянты 10 гектар болгон жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Эң көп окулган жаңылыктар