00:35
USD 87.45
EUR 103.13
RUB 1.14

Караколдо экстремисттик материалдарды тараткан киши камакка алынды

Каракол шаарынын тургуну социалдык тармактарда экстремисттик материалдарды тараткандыгы үчүн камакка алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Ысык-Көл ОИИБдин кызматкерлери интернет-булактарды мониторинг жүргүзүү учурунда «Фейсбук» социалдык тармагында Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө сот тарабынан тыюу салынган «Хизб-ут Тахрир Аль Ислами» диний-экстремисттик уюмунун идеологиясын жайылтуу белгилерин аныкташкан.

Ысык-Көл ОИИБнын басма сөз кызматы
Фото Ысык-Көл ОИИБнын басма сөз кызматы. Караколдо экстремисттик материалдарды тараткан киши кармалды

Текшерүүнүн алкагында аталган материалдарды таркаткан жаран аныкталып, ал Каракол шаарынын тургуну, 1970-жылы туулган А.М. экени болуп чыккан. Шектүү өзүнүн жеке «Фейсбук» баракчасы аркылуу «Turkiston-kg» аталышындагы баракчага таандык «Алтын өндүрүлүүдө, бирок эл жакырчылыкта» деген мазмундагы жарыялоону такраткан.

Аталган факт Ысык-Көл ОИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Каракол шаардык сотунун чечими менен шектүүгө карата бир ай мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар