12:57
USD 87.45
EUR 103.33
RUB 1.14

Бишкектин бардык унаа токтотуучу жайлары төлөмдөрдү QR-код менен гана кабыл алат

Бишкектин бардык унаа токтотуучу жайлары эми QR-код менен гана төлөмдөрдү кабыл алат. «Шаардык жол жана транспорт инфраструктурасы» муниципалдык ишканасынын директору Бакай Асылбек уулу шаардык кеңештеги «Эмгек» жана «Жаңы күч» фракцияларынын биргелешкен жыйынында мэриянын пландарын жарыялады.

Анын айтымында, учурда борбор калаада 3221 унаа токтотуучу жай бар. Шаар QR-код менен унаа токтотуучу жайды төлөөнү ишке ашыруу боюнча пилоттук долбоорду улантууда.

Бакай Асылбек уулу бул ыкма учурда Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки аймакта колдонулуп жатканын белгиледи.

«Унаа токтотуучу жайлардын кызматкерлерин жок кылуу үчүн шаар боюнча QR-коддор орнотулат» — деп кошумчалады ал.

Эң көп окулган жаңылыктар