16:19
USD 87.45
EUR 104.39
RUB 1.16

Оштогу таңкы рейд: Масалиев көчөсүндөгү Жекелик каналдын эки жээги сквер болот

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаардык бөлүмдөрдүн жетекчилери менен биргеликте Масалиев көчөсүн дагы бир эртең мененки текшерүүдөн өткөрдү.

Рейддин жүрүшүндө шаар мэри Масалиев көчөсүнүн Нурматов көчөсү менен кесилишинен тартып Шамшиев көчөсүнө чейинки аралыкта жайгашкан Жекелик каналынын эки жээгин көрктөндүрүп, сквер куруу боюнча долбоор иштеп чыгууну тиешелүү кызматтарга тапшырды.

Мындан тышкары, каналдын үстүнө жана корук аймагына мыйзамсыз курулуп алган коммерциялык багыттагы бир катар объекттерди белгиленген тартипте алып салуу, аймакты шаардык архитектуралык жана экологиялык талаптарга ылайык иретке келтирүү боюнча тапшырмалар берилди.

Аталган иштер шаарды көрктөндүрүү, жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
2-февраль, дүйшөмбү