13:41
USD 87.45
EUR 104.39
RUB 1.16

Пайдалуу кеңеш: Нипах вирусуна шектенсеңиз эмне кылуу керек?

Нипах вирусу бар өлкөлөргө баргандан кийин вирустук инфекциянын белгилери байкалган туристтер клиникага баруунун ордуна телефон аркылуу медициналык адистер менен байланышышы керек. Бул тууралуу Медицина жана жашоо илимдери мектебинин фундаменталдык медицина кафедрасынын доценти Галина Компанец билдиргендигин РИА Новости жазып чыкты.

«Эгерде саякаттап жүргөндө алгачкы белгилер пайда болсо, дароо дарыгерге кайрылганыңыз оң. Анализдер Индияда жана башка өлкөлөрдө бар. Айрыкча башка өлкөдөн кайтып келгенден кийин күтүүсүздөн дене табыңыз көтөрүлүп же башка белгилер пайда болсо, клиникага барбастан, ооруканага чалып, башка өлкөдөн кайтып келгениңизди айтып, симптомдоруңузду сүрөттөп берүү ар дайым абдан маанилүү. Кантсе да, бул бир гана Нипах эмес, башка инфекциялар да болушу мүмкүн. Эң негизгиси, дарыгерлерге айтуу керек, ошондо алар тиешелүү чараларды көрө алышат», — деди Компанец.

Эң көп окулган жаңылыктар