Казакстандын президенти Руслан Желдибайды кеңешчи кызматынан бошотту. Ошол эле учурда Касым-Жомарт Токаевдин буйругу менен Айбек Смадияров анын кеңешчиси жана басма сөз катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Акорда билдирди.
Декабрдын башында Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматында жети жыл иштеген Айбек Смадияров кызматтан кеткенин жарыялаган.
«Параграф» маалымат системасынын маалыматы боюнча, Айбек Смадияров Казакстандын түштүгүндө төрөлүп, Абылай хан атындагы Казак эл аралык мамилелер жана дүйнөлүк тилдер университетин (2004) эл аралык документтерди башкаруу адистиги боюнча аяктаган.


