Соодалык платформанын маалыматы боюнча, биржадагы алтындын баасы тарыхтагы эң жогорку чекке жетип, бир троя унциясы үчүн 5400 доллардан ашты.
Бишкек убактысы боюнча саат 4:12ге карата Нью-Йорк Comex биржасында алтындын баасы бир троя унциясы үчүн 5411 долларга жетти.
Кечээ, алтындын биржадагы баасы тарыхта биринчи жолу бир троя унциясы үчүн 5200 доллардан ашкан.
Баалуу металлдын баасы катары менен 50 күн бою рекорд койду. Адистердин айтымында, муну геосаясий чыңалуулардын күчөшү жана Федералдык резервдик системанын ченди төмөндөтүү боюнча күтүүлөр менен байланыштырышат.


