29-январдан 31-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кар көчкү төмөнкү аймактарда түшүүсү мүмкүн:
- Бишкек — Ош унаа жолунун 198-255 чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында;
- Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусуда;
- Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 65-101 чакырымдарындагы Чапчыма ашуусунда;
- Красная-Горка — Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында.
Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгы эскертилет.


